КММАнын лицейинин бүтүрүүчүлөрү “акыркы коңгуроо” майрамын белгилешти
Университеттин жашоосу

Бүгүн, 2022-жылдын 9-июнунда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы лицейдин бүтүрүүчүлөрү «акыркы коңгуроону» салтанаттуу түрдө белгилешти. Майрамга мугалимдер менен бирге окуучулардын ата-энелери да катышты. Иш-чарада окуу жайдын проректору Ниязбек Маматов, Гүлсүнкан Жунушалиева жана лицейдин директору Толкунбек Баймуратов куттуктоо сөздөрүн айтышты. Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылында лицей бүтүрүүчүлөрүн он жетинчи жолу уядан учуруп, 179 окуучу бүтүрүүдө.