Аспирантура жөнүндө жалпы маалымат

КММАда бюджеттик жана контракттык негизде окуган аспиранттар өндүрүштө жарым коюм менен (күндүзгү), үзгүлтүксүз (сырттан) иштей алышат.

Аспирантурага тапшыруучулар өзүнүн адистиги, мамлекеттик тил, чет тили

жана философия боюнча кирүү сынактарын тапшырышат.

Окууга кабыл алуу ректордун буйругу жана ар бир талапкердин кирүү сынактарынын жыйынтыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Окуу бюджеттик жана контракттын негизинде орус тилинде күндүзгү (3 жыл), сырттан (4 жыл) жүргүзүлөт.

Илимий ишмердүүлүктө көрсөткөн жөндөмдүүлүгү үчүн академиянын аспиранттары бир нече жолу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атайын мамлекеттик стипендия (Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөттүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин чет өлкөдө окуу үчүн стипендиялары) сынактарынын лауреаттары болушкан).

Жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн актуалдуулугун жана маанисин аспиранттардын эл аралык илимий конгресстеринин, семинарларынын ишине катышуулары да ырастап турат.

Академиянын аспирантурасында кыргызстандык адистер менен катар чет мамлекеттердин (Иордания, Пакистан, Индия ж.б.) жарандары диссертациялык изилдөөлөрдү ийгиликтүү жүргүзүп жатышат.