Эразмус+ программасынын алкагында 2022-жылы программаные"Эл аралык кредиттик мобилдүүлүк" компонентинде долбоордук өтүнмөлөрдү берүүнүн жыйынтыгы боюнча И.К. Ахунбаев атындагы КММА жана Литванын Саламаттык сактоо илимдер университети окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу боюнча долбоорду жеңип алышты. 
 
Долбоордун номери: 2022-1-LT01-KA171-HED-000076247
 
Бул долбоордун алкагында КММАнын окуутучулары үчүн кийинки багыттар боюнча жогоруда аталган өнөктөш-ЖОЖго бир кредиттик мобилдүүлүк жеткиликтүү:
Долбоорду ишке ашыруу максатында КММАнын эл аралык байланыштар бөлүмү академиялык мобилдүүлүккө талапкерлерди тандоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүүдө жана КММАнын профессордук-окуутучулук курамдын мүчөлөрүнөн өтүнмөлөрдү кабыл алууну жарыялайт
Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун шарттары
Академиялык мобилдүүлүктү мөөнөтү: 7 күн
 
Академиялык мобилдүүлүк багыты: Медицина, Фармация, коомдук саламаттыкты сактоо, медайымдар
 
Академиялык мобилдүүлүктүн саны: 1
 
Бардык чыгымдар Эразмус + программасынын эсебинен жабылат.
 
 
Академиялык мобилдүүлүктүн максаты:
  • Чет өлкөдө окуу тажрыйбасын алуу, айрыкча окутуучулук иш-аракеттерде стажировка;
  • Башкалардын маданияты менен таанышуу;
  • Эл аралык адистерде конкреттүү тармактагы билимдерди тереңдетүү;
  • Чет тилин жогорулатуу;
  • Гранттык өтүнмөлөрдү жазууга катышуу жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында өнөктөштүктү кеңейтүү жана кийинки кызматташуу үчүн байланыштарды тартуу.
Академиялык мобилдүүлүктүн милдеттери:
  1. КММАнын билим берүү жана илимий потенциалын барган өлкөнүн академиялык чөйрөсүндө көрсөтүү
  2. Чет элдик студенттер үчүн чет тилинде окутуунун сапатын жогорулатуу
  3. Өнөктөш-ЖОЖ менен андан ары кызматташуу үчүн конкреттүү багыттарды белгилөө жана бул багыттар боюнча ЖОЖдордун ортосунда өз ара аракеттенүүнүн биргелешкен алдын ала планын даярдоо
  4. Эразмус+программасынын алкагында келечекте биргелешип берүү жана ишке ашыруу үчүн өнөктөш ЖОЖго кеминде 1 долбоордук сунушту сунуштоо
  5. Өнөктөш ЖОЖду өлкөбүздүн маданияты менен тааныштыруу
Сынакка катышуу үчүн он лайн-өтүнмөнү толтуруп, ага төмөнкү документтерди тиркөө зарыл: 
  1. Англис тилиндеги Резюме, кесиптик тажрыйба жөнүндө маалымат
  2. Сиз мобилдүүлүккө эмне үчүн катышууңуз керектигин жана КММАнын ишмердүүлүгүнө катышуунун натыйжаларын кантип колдонооруңузду көрсөткөн мотивациялык кат.
  3. Англис тилин билүү сертификаты жана андан жогору
  4. Кафедра башчысынын сунуш каты
 
Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2023-жылдын 1-апрелине чейин!
 
Тандоо этаптары:
 
Арыздарды чогултуу
Талапкерлерди тандоо
Талапкерлер менен англис тилинде маектешүү
Финалдык тандоо 
* Артыкчылыктар биринчи жолу катышкан, бирок бардык тандоо критерийлерине жооп берген окутуучуларга берилет.
 
Толук маалымат алуу үчүн КММАнын эл аралык бөлүмүнө, 2-кабатка, 77-кабинетке же international@kgma.kg электрондук дарегине "ERASMUSKA1: LSMU" темасы менен кайрылсаңыздар болот. тел. 0312 545859, +996997779252 (WhatsApp үчүн гана)