Эрзинджан университетинде жайкы практика, Түркия

УНИВЕРСИТЕТ БИНАЛИ ЙЫЛДЫРЫМ ЭРЗИНДЖАНА | Find And Study - Study in Turkey

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Эрзинджан университети 2016-жылы кызматташуу жөнүндө келишим түзүшкөн. Келишимдин негизи илимий изилдөөлөрдү, илимий алмашууну, тарбия берүүнү жана маданий алмашууну өнүктүрүү боюнча ЖОЖдордун ортосундагы илимий-билим берүү кызматташтыгы болуп саналат.
Макулдашуунун алкагында 4 жыл аралыгында Эрзинджан университетинде КММАнын студенттери үчүн бир айлык өндүрүштүк практика жүзөгө ашырылууда.

Практика Эрзинджан университетинин клиникалык базасында "Дарылоо иши", "Педиатрия" жана "Стоматология" факультетеринин студенттери өтөт

Эрзинджан университетинин "дарылоо иши" жана "Педиатрия" факультеттеринин студенттери, жай, 2018-жыл.

Эрзинджан университетинин "дарылоо иши" факультетинин студенттери. Жай, 2017.

Акыркы 4 жылдын ичинде жогоруда аталган факультеттерден 8 адам өндүрүштүк практикадан өтүштү.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

  1. Мыкты жана жакшы академиялык көрсөткүч;
  2. Түрк (с деңгээли), англис (ээ)тилдерин билүү
  3. Академиянын жашоосуна активдүү катышуу.

Студенттин эсебинен жатакана, тамак-аш жана эки тарапка учуу төлөнөт.

*2021-жылдан баштап практика акы төлөнүүчү болуп калды, жумасына 500 лир.

Керектүү документтер практикадан өтүүдөн 3 ай мурун берилет.

Документтердин тизмеси:

  1. Чет өлкөлүк паспорттун көчүрмөсү;
  2. Англис тилиндеги Транскрипт (зачеттук китепчеден көчүрмө);
  3. Студент экендиги жөнүндө маалымдама;
  4. Практика программасы (практика планы);
  5. 2 сүрөт 3х4.

Көңүл буруңуз: Тапшырууну каалагандарга эл аралык бөлүмдүн жаңылыктарын жана кулактандырууларын социалдык медиа баракчаларында байкап туруу сунушталат.