СТУДЕНТТЕРИНИН «САМАРКАНД-2023» IV ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН ОЛИМПИАДАСЫ
Образование 0 26 Декабря 2023

2023-жылдын 15- декабрь күнү Самарканд медициналык университети тарабынан уюштурулган МЕДИЦИНАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН СТУДЕНТТЕРИНИН «САМАРКАНД-2023» IV ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН ОЛИМПИАДАСЫ болуп өттү.

Бул Эл аралык олимпиадага б.и.к., доценттин милдетин аткаруучу

Раимкулов Курсанбек Мамасалиевичтин жетекчилиги астында уюштурулуп жургон "Мите курт оорулары бардык оорулардын башаты" аттуу илимий кружоктун студенттери педиатрия факультетинин 1-курсунун 15-тайпасынын төмөнкү студенттери катышты: Эсенаманов Атанбек, Гапарова Милана, Кушназаров Атанбек,Токтогулов Дастан, Ажиева Мээрим, Ураимжанова Жаңыл, Чолпонова Мадина медициналык паразитология боюнча катышышты.

Бул Эл аралык олимпиадага Узбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Россия федерациясынын студенттери катышышты.

Биздин студенттер олимпиаданын биринчи этабында тесттерди тапшыруу, экинчи этабында ситуациялык тапшырмаларды аткаруу жана үчүнчү этабында белгисиз сүрөттөр аркылуу ат салышты.

Жыйынтыгында биздин студенттер сертификат, дипломдор менен сыйланышты.

Олимпиада КММАнын студенттеринин билиминин, интеллектинин жана даярдыгынын жогорку деңгээлин көрсөттү.

Биздин студенттерди куттуктайбыз!